Жаңылыктар
Казакстандын Алматы шаарында коменданттык саат киргизилди
Дүйнө
Казакстандын Алматы шаарында коменданттык саат киргизилди

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында Алматыда коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу жарлыкка Президент Касым-Жомарт Токаев кол койгонун казак бийлигинин akorda.kz сайты маалымдады. 

Мунун алдында Токаев өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Атайын режимдин мөөнөтү 5-январда 1:30дан баштап, 19-январдын түнкү саат 00:00нө чейин уланат. Ал эми Алматыдагы коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды. Мурдараак Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен.