Жаңылыктар
Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда
Чек ара
Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматынан. Маалыматка ылайык, 30-декабрдан тарта Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатканын эскертти. 

"Чек ара кызматы коңшу республикадагы жана чек ара тилкесиндеги кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Кырдаал курчуй турган болсо Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, ушул тапта Казакстандын айрым облустарында газдын баасынын кескин кымбаттоосуна байланыштуу элдик толкундоолор болуп жатат.