Акыркы кезде тоют жана ага кошулмаларды көбүрөөк өндүрүү боюнча бир катар ишканалар ишмердүүлүгүн күчөтүп, тармакты жакшыртууну пландашууда. Өзгөчө Чүй облусунда былтыр 5 миң гектарга тоют айдоо аянты көбөйүп, өткөн жылга салыштырмалуу 15% өскөн.
Азыркы тапта өлкө боюнча тоют талаалары 385 миң гектарга жакын. Эң көп айдоо аянттары Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кездешет.