Азыркы тапта Кыргызстан дүйнөнүн 148 өлкөсү менен соода-экономикалык алаканы күчөтүүдө. Былтыр товар алмашуунун көлөмү 5 млрд 740 млн долларга жетип, 2020-жылга салыштырмалуу 21% көп болгон.
Ал эми экспорт 1 млрд 348 млн долларга жетип, мурдагы жылга караганда 20% төмөндөгөн. Бул арада сырттан келген импорт 44% жогорулап, 4 млрд 391 млн долларга жетти. Бир жыл аралыгында Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспорт 47%, импорт 47,4% барабар болгон. Ошондой эле үчүнчү мамлекеттерге экспорт 52,6% ал эми импорт 53,2% барабар болгон.