Жаңылыктар
Бишкекте тоо лыжа сезону ачылды
Туризм
Бишкекте тоо лыжа сезону ачылды

Бишкекте кар жок болгону менен тоо лыжа базалары сезонду ачышты. Өлкөдө кышкы тоо лыжанын сезону өткөн жылдын ноябрь айында эле Каракол шаарында расмий түрдө ачылганы менен Бишкектеги базаларда кар жок болгондуктан эми жандана баштады. 

Кыргызстандын аймагында жалпы болуп 20 дан ашык тоо лыжа базалары бар. Шаарга жакын жерде жайгашкан базалар деңиз деңгээлинен 1500 метрге чейин жогору. Буга чейин пандемияга байланыштуу базалар кризиске учурап келсе эми январь-февраль айларында кышкы спорт сүйүүчүлөрдү тосуп алууга кызуу даярдык көрүшүүдө.