Жаңылыктар
Валентина Шевченко жылдын мыкты мушкери болду
Спорт
Валентина Шевченко жылдын мыкты мушкери болду

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко UFC мушкерлеринин рейтингинде салмак категорияларына карабастан жылдын мыкты мушкери наамын кайрадан жеңип алды. Буга чейин биринчи орунда жайгашкан бразилиялык мушкер Аманда Нуньес «UFC 269» турниринде Жулиана Пеньяга утулуп, чемпиондук курунан ажыраган. 

Мындан улам Валентина Шевченконун башкы атаандашы рейтингде үчүнчү орунга түшүп, биринчи орунга Шевченко өзү чыкты. Эскерте кетсек ал буга чейин да катары менен биринчиликти эч кимге бербей келген эл аралык деңгээлдеги спортчулардын катарында келе жатат.