Жаңылыктар
Өнөрдү барктаган өрнөктүү инсан
Кыргызстан жаңылыктары
Өнөрдү барктаган өрнөктүү инсан

Президент Садыр Жапаровдун жаңы жыл алдында эл алдында өнөрү менен өзгөчөлөнүп, коомчулукка кызмат кылган инсандарды атайын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыгы чыккан. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, скульптор Виктор Арнольдович Шестопалга дагы - 2-даражадагы "Манас" ордени ыйгарылды. Кесиптештери бул адамга урмат менен мамиле кылып, тээ илгерки СССР учурунан бери кыргыз жергесине кызмат кылып келе жаткан таланттуу инсан, өнөрдү барктаган чыныгы кесипкөй жана тирүү легенда катары баркташат. Биздин кабарчыбыз бул адамдын чыгармачыл өнөрканасында болуп келди.