Жаңылыктар
Казакстанда нааразычылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алды
Дүйнө
Казакстанда нааразычылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алды

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө нааразычылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алганын билдирди. Алардын ичинен кеминде 400 киши ооруканага жеткирилген. Учурда 62 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Казакстанда демонстрациялар маалында ондогон адамдар мерт болгону кабарланып жатат. 

Алардын канчасы митингге чыккан адамдар экени так белгисиз. Ички иштер министрлиги 18 кызматкери каза тапканын маалымдаган. 2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. 

Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылганы маалымдалган. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды. Соңку эки күндө Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштаган.