Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү жайлары убактылуу жабылды
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү жайлары убактылуу жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булун авто жол" жана "Токмок авто жол" өткөрүү жайлары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу казак тараптын демилгеси менен Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү жайларында 7-январдан тартып жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулган. 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы калган өткөрүү жайлары, тактап айтканда Чүй облусунда "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чалдыбар" өткөрүү жайлары Талас облусунда "Чоң-Капка" жана Ысык-Көл облусунда "Каркыра" өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.