Жаңылыктар
Казакстандын бардык аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилди
Дүйнө
Казакстандын бардык аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилди

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын бардык аймактарында конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилгенин айтты,- деп билдирет РИА Новости. Токаев жума күнү эртең менен Президенттик администрациянын, коопсуздук кеңешинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинин катышуусунда терроризмге каршы штабдын жыйынын өткөрдү.

 "Антитеррордук операция башталды. Укук коргоо органдары иш алып барууда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилди. Кырдаалды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөп турат", — деди казак лидери. Ага карабастан ал антитеррордук операцияны улантуу керектигин белгиледи. 

"Террорчулар курал колдонууну жана жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүнү улантууда. Андыктан антитеррордук иш-чаралар согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча улантылышы керек", — деди Токаев.