Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө уруксат берди
Саясат
Жогорку Кеңеш Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө уруксат берди

Жогорку Кеңеш ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстанга Кыргызстандын аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди.

Белгилей кетсек, 5-январда казак тарап ЖККУнун катчылыгына уюмдун жоболоруна жана юридикалык милдеттенмелерине ылайык, Казакстанга тиешелүү аскерлерди жөнөтүү аркылуу тараптардын жардам көрсөтүүсүн тез арада уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган.

Президент Садыр Жапаров 6-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана Казакстанга ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына Кыргызстан аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин кароо сунушу менен кайрылган. Кыргызстандын Конституциясынын жоболоруна ылайык, Жогорку Кеңеш Казакстандын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргызстандын аскерлерин жиберүүгө уруксат берди. Кыргызстандык тынчтык орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого тартылат. Алар Казакстандагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт.