Жогорку Кеңеш Жамааттык коопсуздук Келишим уюмунун алкагында коңшу Казакстанга аскер күчтөрүн жөнөтүүгө макулдук берди. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз аскерлери коңшу өлкөдө стратегиялык мекемелерди кайтарууга жана тынчтык орнотуу миссиясына катышарын билдирди.