Жаңылыктар
Бишкекте шаар тургундары үчүн айыл чарба азыктарынын жарманкеси уланууда
Айыл чарба
Бишкекте шаар тургундары үчүн айыл чарба азыктарынын жарманкеси уланууда

Бишкекте шаар тургундары үчүн айыл чарба азыктарынын жарманкеси уланууда. Ал ар ишемби, жекшемби күндөрү саат 16:00 го чейин 12-кичи районундагы жана Биринчи май районундагы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп жатат. 

Тургундар жарманкеде ата мекендик азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз жана арзан баада ала алышат. Айыл чарба министрлиги азык-түлүк жарманкесин былтыртан бери уюштуруп келет. Бул аракеттер калктын сапаттуу айыл чарба азыктарын жеткиликтүү баада сатып алуусуна шарт түзүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталат.