Жаңылыктар
Тогуз коргоол менен ордо оюндары жыйынтыкталды
Спорт
Тогуз коргоол менен ордо оюндары жыйынтыкталды

Бүгүн көчмөн оюндарында тогуз коргоол жана ордо оюндары жыйынтыкталды. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө Кыргызстан, Казакстан Монголия жана биринчи жолу катышып жаткан Түштүк Корея командалары алдыга озуп чыкты. 

Ал эми ордо боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Орусия командалары биринчиликтерди камсыздады. Белгилей кетсек бул беттештерге чет өлкөлүк туристтердин кызыгуусу артып, көз салып турушту.

Тогуз коргоол боюнча беттеште Түштүк Кореядан келген жаш ышкыбоздор көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Себеби биринчи ирет катышып жатканына карабай көп күчтүү командаларды артка калтырышкан. 

Мисалы Ли Сон Ву тогуз коргоол менен интернет аркылуу таанышып, ойноп баштаганына бир гана жыл болуптур. Мелдеш учурунда бир нече дасыккан оюнчуларды жеңип, сегизинчи орунга илинди.

Ал эми Бүгүн жыйынтыкталган ордо оюну да көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Белгилей кетсек мелдешке Орусия жана Кыргызстан командалары чыкты. Жалпы ордо оюнуна беш команда катышып, жарым финал менен финал болгон жок. 

Ордонун жүрүшүнө жергиликтүүлөр менен эле кошо чет элдиктер да кызыгып турушту. Убагында Америкадан келген волонтерлор да өзүнчө команда түзүп ойноп көрүшкөн.Бирок утулганда эле кызыкчылыгы токтогон. Бул жолу накта чебер адистердин оюнун көрүп, оюн чындап мыкты экенин моюнга алышты жок. Ордонун жыйынтыгы да чыгып биринчиликти Кыргызстан ээледи.