Жаңылыктар
Кайра шайлоого катышууну каалаган талапкерлер
Шайлоо 2023
Кайра шайлоого катышууну каалаган талапкерлер

27-февралда өтүүчү №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 20 талапкерден билдирме түштү. Бул тууралуу БШК билдирди. 

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 27-январда саат 18:00дө аяктайт. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. 

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 30-январда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.