Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери 6-январда башталган. "Ошол эле күнү кылмышка шектелип, УКМКнын мурдагы төрагасы Масимов жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган.
Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген.