Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек ара өткөрүү бекеттеринин иштөө тартиби өзгөрдү
Чек ара
Кыргыз-казак чек ара өткөрүү бекеттеринин иштөө тартиби өзгөрдү

Кыргыз-казак чек ара өткөрүү бекеттеринин иштөө тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Чалдыбар" "Сыпатай Батыр" бекеттеринен Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. 

Ал эми Казакстанда жүргөн кыргызстандыктар “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу келе алышат. Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу чыкса болот. Жүк ташуучу унаалар “Чалдыбар” өткөрүү бекетинен Казакстандын аймагына чектөөсүз өтөт. “Ак-Жол” жана “Кордай” бекеттеринен өтүүгө дагы убактылуу чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык, азырынча Кыргызстан жарандары Казакстанга кире албайт. Бирок Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат. Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу мекенине кайтса болот. 

Жарандар жөө гана өтө алат. "Ак-Тилек", "Карасуу" бекеттеринен Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары - Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстандын аймагына кире алышат. Аталган мамлекетте жүргөн башка мамлекеттердин жарандары жана жүк ташуучу унаалар чыкса болот. “Чоң-Капка”, “Айша-Биби” өткөрүү бекеттери дагы ушундай эле тартипте иш алып барууда.