Жаңылыктар
Газ көйгөйү чечилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Газ көйгөйү чечилүүдө

Учурда Кыргызстандын эл жык отурукташкан аймактарында газ куурларын тартуу иштери уланып жатат. Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз өкмөтү «Газпром» компаниясы менен 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча келишимге кол койгон болчу. Анын негизинде, көгүлтүр оту жок аймактарга газ жеткирилип жатат.

Бишкектин Көк-Жар конушунун жашоочулары кубанычын жашыра албаганын ачык эле айтууда. Алар буга чейин электр энергиясын жарык үчүн эмес, тамак жасаганга колдонуп келгендиктен капчыгыбыз кыйла эле эңшерилчү дешет. Эми көгүлтүр от киргенден кийин каражатты үнөмдөөгө болот. 

Газ куурларын жарандардын короосуна чейин компания жеткирет. Андан ары үйдүн ичине жарандар өздөрү киргизип алышы керек. Бул үчүн кардар орто эсеп менен 25 миң сом төлөйт. Албетте короонун чоң кичинесине да байланыштуу. Үйгө газ киргизээрден мурда жарандар тиешелүү органдар менен келишим түзүшү керек. 

Кыргыз өкмөтү менен «Газпром» компаниясынын келишимине ылайык, 5 жылдан кийин өлкөнүн 60-70 пайызы газ менен камсыздалышы керек. Ага ылайык, газдаштыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Азырынча, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарга жана Чүй облусунун калктуу аймактарына гана газ киргизүү иштери жүрүүдө. 

Кыскасы тиешелүү органдар жакынкы жылдары Кыргызстанда газ жок деген маселе жаралбайт деп билдирүүдө. Анткени газ менен камсыздоо жалпысынан 3 эсе өсүп, 2030-жылга калктын жана ишканалардын 60 пайызы газдуу болот.