Жаңылыктар
ИИМ: Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө

Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Айтымында, белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Туугандарынын маалыматы боюнча кыргызстандык джаз музыкант Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турат. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Бул максатта билет 16-декабрда сатылып алынган жана 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен. Аэропортко аны энеси Кундузхан Рузахунова менен небереси Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифальдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен. Азыркы учурда, Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышына байланыштуу жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.