Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгы алдында Ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгы алдында Ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгы алдында Ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал жана калкты эмдөө боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында оорулуулар көбөйгөн учурда 400 резервдик орун даярдала турганын билдирди. Учурда дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү кору бар. Штабдын жыйынында белгиленгендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн бардык адамдар үчүн ПЧР-тесттин жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы алынып салынганына байланыштуу өткөрүү пункттарында COVID-19 инфекциясына карата экспресс-тесттер жүргүзүлөт. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына эмдөө өнөктүгүн жана калкка вакцинанын кошумча дозасын берүүнү күчөтүү, ошондой эле өлкөгө “omicron” штаммынын кирүүсү жана жайылышы учурунда саламаттыкты сактоо уюмдарынын оорулардын көбөйүшүнө даярдыгын жогорулатуу тапшырмасы берилди.