Жаңылыктар
Казакстан: Куралчан 300дөй адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган
Дүйнө
Казакстан: Куралчан 300дөй адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган

Казакстандын Ички иштер министрлиги куралчан 300дөй адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын 9-январда кабарлады. 

“Куралчандар машине жана жөө жалаңдап качып бара жаткан жеринен кармалышты. Алардын курал-жарактары, уурдап бараткан баалуу буюмдары, чөнтөк телефондору, чоң суммадагы акчалары жана каражаттары болгон”, - деп кабарлады казак Ички иштер министрлиги. 

Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 2-январда башталган митинг жана андан кийинки башаламандыктардан полиция менен күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза таап, 1300ү жарадар болду.