Жаңылыктар
Викрам Рузахунов - талантуу музыкант
Кыргызстан жаңылыктары
Викрам Рузахунов - талантуу музыкант

Викрам Рузахунов - Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы өзгөчө джаз сүйүүчүлөрүнүн арасында талантуу музыкант. Ал ойундагысын адамга так жеткире алган, токтоо пианист.

Белгилүү пианист, джаз музыкант Викрам Рузахуновдун коңшу өлкөдө башаламандыкка шектелип кармалышы желдей тарады. Социалдык тармактын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылгандан улам митингге катыштым - деп айтууга мажбур болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Викрам Рузахунов токтоо, чыгармачылык менен гана алектенген инсан. Белгилүү джаз музыканттын туугандары, санаалаштары, кесиптештери Викрам Рузахунов өзүн кооптуу иштерге түртө турган адам эмес экенин белгилешүүдө.