Жаңылыктар
ЖККУнун онлайн жыйыны: мамлекет башчылары Казакстандагы окуяларга баа беришти
Саясат
ЖККУнун онлайн жыйыны:  мамлекет башчылары Казакстандагы окуяларга баа беришти

ЖККУнун алгачкы “бейпилдик орнотуу миссиясы” ийгиликтүү ишке ашырылды. Уюмдун онлайн жыйынына катышкан мамлекеттердин башчылары Казакстандагы окуяларга баа беришти. 

Ага Кыргызстандан Президенттин тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, коңшу өлкөгө колдоо көрсөттү. Ошол эле учурда башаламандыктарга тиешеси бар делген кыргыз жарандары тууралуу акыйкат иликтөөгө чакырды.