Жаңылыктар
Аксы районунан тартылган 100дөн ашык пейзаждык картиналар элге сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы районунан тартылган 100дөн ашык пейзаждык картиналар элге сунушталды

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери жана чыгармачылыгын жаңыдан өркүндөтүп жаткан жаш сүрөтчүлөрдөн топтолгон 10 сүрөтчү Аксы районуна барып, ал жердин жаратылыш шартын чыгармачыл эргүү менен тартып, иштеп келишине шарт түзүлдү. 

Мунун натыйжасы катары сүрөтчүлөр уюмунун Бишкектеги Семён Чуйков атындагы эмен багы көргөзмө залында май боёк менен тартылган пейзаждык картиналардын 100дөн ашыгы калың элге сунушталды. Мындай мүмкүнчүлүктү Бишкектеги “Билимкана” мектептер тармагы уюштуруп берген. Максаты биринчиден чыгармачыл адамдарды колдоо болсо, экинчиден кыргыз жергесинин кооз жаратылышын башкаларга көрсөтүү болгон.