Жаңылыктар
Бүгүн II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары аяктайт
Маданият
Бүгүн II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары аяктайт

Мелдештердин акыркы күнүндө көрүүчүлөр ат оюндарынын бир нече түрүнө күбө болуп жатышат. Программада спорттун интеллектуалдык түрлөрү боюнча финалдык оюндар да бар. Кечки 17.00-18.00го чейин алыш күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы. 

Ал эми кечки саат 20:30да, Чолпон-Атадагы ат майданда, оюндардын расмий жабылуу аземи башталат. Иш-чарага жергиликтүү ырчылар менен бирге белгилүү дүйнө жылдыздары, анын ичинде Орусия, АКШ, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Франция жана башка өлкөлөрдүн ырчы, бийчилери катышат. Салтанаттуу жабылыш аземин толугу менен КТРК каналдарынан түз алып көрсөтөөрүн эсиңиздерге сала кетели.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118