Жаңылыктар
Кыргыз - казак чек ара өткөрүү жайларына чатырлар орнотулду
Чек ара
Кыргыз - казак чек ара өткөрүү жайларына чатырлар орнотулду

Казакстандын аймагында катталып жаткан кырдаалга байланыштуу жана анын кесепетинен жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга, аргасыз жер которгондорду кабыл алууга "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок" көзөмөл-өткөрмө бекеттерине 10 орундуу төрт чатыр орнотулган. 

Ошондой эле, Бишкек шаардык мэрия тарабынан “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келген Казакстандын жарандарын тосуп алып, постторго жеткирүү жана мейманканага жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.