Жаңылыктар
Чек ара кызматы "Ак-тилек" бекетиндеги унаалардын тыгыны боюнча маалымат берди
Чек ара
Чек ара кызматы "Ак-тилек" бекетиндеги унаалардын тыгыны боюнча маалымат берди

Чек ара кызматы 11-январдын кечинде кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайындагы унаалардын тыгыны боюнча маалымат берди. 

Анда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйүшүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу болуп жатканы айтылат.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертти. Башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган эмес.

Кыргыз-казак чек арасында жалпы жети автожол өткөрмө бекети бар. Казакстандагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жатат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Каркыра" өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.