Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин түзүмүн жактырды. Ага ылайык, парламентте сегиз комитет түзүлдү.
Алар:
Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
Финансы-экономикалык саясат комитети;
Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын үч орун басары болот.
Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон. Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда кайра шайлоо өтөт.