Жаңылыктар
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата иш-чаралар
Маданият
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата иш-чаралар

Кыргызстандын дагы бир туристтерди кызыктыра турчу жери Бурана мунарасы. Археологдор кайсы бир кездерде Баласагун шаары ушул мунара турган жерде болгондугун аныкташкан. 

Тарыхый жазуулардан ал кооз шаар болгондугу, андан көптөгөн илимпоздор, философтор чыккандагын билебиз. Жусуп Баласагын дагы мына ушул шаарда төрөлгөн.

Жусуп Баласагынды анын “Кутадгу Билиг” же“Куттуу Билим” чыгармасы аркылуу билебиз. Ал жалпы түрк адабиятындагы алгачкы белгилүү эстелик. Жусуп Баласагын элди акылмандык менен башкаруудан тартып, адеп-ахлак, руханий туура багыттарды көрсөтүп берген.

Чыгармада адилеттүү коомду түзүүгө басым коюлган. Жусуп Баласагын мындан ондогон кылым мурда эле мамлекеттик биримдикке үндөгөн. Анын идеялары азыр дагы актуалдуу! 

Быйылкы Тарых жана маданият жылы - “Куттуу Билим” китебинин толук кыргызчаланып жарыкка чыгышы менен башталды. Кененирээк Гүлнара Касымбекованын материалында: