Жаңылыктар
Кыргыз - казак чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз - казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде абал туруктуу. 

Эске салсак, 11-январдын кечинде оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны көбөйгөнү тууралуу маалымат тараган. 

Мындан улам "Ала-Тоо 24" каналынын журналисттери өткөрмө бекеттеги абалды жеринен көрүп келди. Казакстандагы кырдаалга карата коңшу мамлекеттин чек арачылары унааларды текшерүүдөн узагыраак өткөрүп жатышат.