Жаңылыктар
Эл аралык кызматташтык
Саясат
Эл аралык кызматташтык

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы, Бельгия Королдугунун Федералдык Парламентинин сенатору Ален Дестексти кабыл алды. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. 

Баарлашууда Жогорку Кеңешке берилген «Демократия боюнча өнөктөш» макамынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн оң жылыштары белгиленип, Кыргызстан менен Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын ортосунда шайлоо системасын өркүндөтүү, демократияны жана укуктук мамлекетти бекемдөө боюнча мындан аркы кызматташтыктын багыттары каралды.