Жаңылыктар
Россиядагы кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүктү элчиликте алмаштыра алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүктү элчиликте алмаштыра алышат

Россияда жашап, эмгектенген кыргызстандыктар 17-январдан баштап айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн мекенине келиши керек болчу. Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга күбөлүк берүү тартиби шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала каттоого туруу аркылуу жүргүзүлө турганын маалымдады. 

Кабыл алууга жазылуу үчүн mks.prava.kg@mail.ru электрондук дарегине катталуу керек. Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Россияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Россияда жарактуу, мигранттардын арасында такси кызматында иштегендер арбын.