Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришти.
Бала бакча АРИСтин “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан курулган. Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Маил Алиаскаров, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев жана айыл тургундары катышты. Бала бакчанын аянты 576 чарчы метрди түзүп, ал бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган. Объекттин жалпы наркы 22 млн 425 миң 510 сомду түздү. Анын ичинен донордун салымы - 21 млн 742 миң 766 сом, айыл өкмөттүн салымы - 682 миң 745 сом.