Жаңылыктар
ИИМ кызматкерлери Беловодск айылындагы балдар үйүнө турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ кызматкерлери Беловодск айылындагы балдар үйүнө турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды тапшырды

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы мектеп жашына чейинки балдар үйүнө 75 миң сом каражатты түзгөн турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды тапшырды. 

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чарага ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын өздүк курамы менен иштөө жана кесиптик даярдык башкармалыгынын башчысы Мамадали Шакиров жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башкы адиси Кудиритила Охунов катышып, балдарды таттуу белектер менен кубантты. 

Өз кезегинде, Беловодск айылындагы балдар үйүнүн директору Анна Горохова балдарга жасаган камкордугу, жылуу мамилеси үчүн жалпы ИИМге ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.