Жаңылыктар
Орусия - Кыргызстан экономикалык кызматташтыгы
Экономика
Орусия - Кыргызстан экономикалык кызматташтыгы

Орусия менен Кыргызстандын аймактар аралык экономикалык кызматташтыгы өнүксө, биргелешкен бир топ бизнес долбоорлору ишке ашат. Бул тууралуу эксперттер Бишкек менен Новосибирск облусунун ортосунда өткөн теле көпүрөдө айтылып, адистер анда айыл-чарба, туризм жана соода-экономикалык жааттагы кызматташтыктын жолдорун талкуулашты.

Учурда Кыргызстандан Орусиянын базарларына айыл-чарба продукцияларын ташыган ишкерлер жүздөп саналат. Басымдуу бөлүгү Москва шаарына же ушул тегеректеги райондорго барышат. Бирок, серепчилердин айтымында, бул аймактардагы базарларды монополисттер ээлеп алгандыктан, кыргыз ишкерлери ал жакта көптөгөн кыйынчылыктарга кабылышууда. 

Мына ушундан улам эксперттик чөйрө Орусиянын Новосибирск облусу менен Кыргызстандын аймактарында экономикалык байланышты жандантуу максатында теле көпүрө уюштурушкан. Бекеринен бул облус тандалып алынган эмес. Биринчиден Новосибирск Кыргызстанга жакын, ишкерлерге товар ташууга ыңгайлуу. Ага катар Орусияга зарыл болгон азык-түлүк, айыл-чарба продукцияларын Кыргызстан Союз мезгилинде азыркыдан төрт эсе көп өндүрүп турчу. 

Адистер акыркы учурда Кыргызстанда теплицалардын саны өсүп жатканын белгилешип, коңшу өлкөнү жашылча-жемиш менен кышы бою камсыз кылууга да мүмкүнчүлүк бар экенин айтышат. Темир жол байланышы, аба катамы жана автомобилдик жолдор боюнча да чектөө жоктугун кошумчалашты. Азыркы учурда Кыргызстандык ишкерлер өндүргөн продукцияларын Орусиянын облустарына жөнөтүп жатышат, бирок чоң көлөмдө эмес. 

Мындан сырткары Орусиянын түштүк облустары менен туризм жаатында кызматташуу ыңгайлуу экени белгиленди. Инвестиция, импорт маселелери да көтөрүлүп, бүгүнкү талкуунун жыйынтыгы расмий бийлик өкүлдөрүнө, бизнес коомчулугуна жана маалымат каражаттарына жөнөтүлмөй болду.