Жаңылыктар
КММАнын кошумча корпусуна капсула салынды
Кыргызстан жаңылыктары
КММАнын кошумча корпусуна капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди баалоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна капсула коюу салтанатына катышты. 

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары медициналык жогорку окуу жайынын ата мекендик саламаттык сактоо тутумун түптөөдөгү тарыхый маанисин белгиледи. Министрлер Кабинетинин атынан академиянын профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин жаңы имараттын курулуп башталышы менен куттуктады. 

"Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияны өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилет. Негизги милдет – коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүгө умтулуубуз керек. Буга чейин объективдүү себептерден улам кемчиликтер болгондугун моюнга алуу керек. Бирок учурда президенттин чечкиндүүлүгүнүн жана мамлекеттик деңгээлдеги кадамынын аркасында жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жогорулашын эске алуу менен саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө каражаттарды багыттоо артыкчылыктуу милдет болуп саналат", - деди Эдиль Байсалов. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, саламаттык сактоо тутумунда жаш адистердин айлык акысын жогорулатуу жаатында тийиштүү шарттар түзүлүүгө тийиш.