Жаңылыктар
Эми “Беларусь” тракторлору Бишкекте чогултулат
Экономика
Эми “Беларусь” тракторлору Бишкекте чогултулат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен “Минск трактор заводу” ачык акционердик коому жана Бишкектеги “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген уюму ортосунда үч тараптуу кызматташтык келишимге кол коюлду. Келишимдин негизинде өлкөнүн айыл чарбасына керектүү техникалык базасынын потенциалын жогорулатуу жана машина-тракторлук паркын жаңылоого багытталган үч тараптуу келишим жактырылды. Мындан ары ушул келишимдин негизинде “Беларусь” тракторлору Бишкекте чогултулуп, чыгарыла баштайт.