Жаңылыктар
Түркмөнстанда карантиндик чектөөлөр киргизилди
Дүйнө
Түркмөнстанда карантиндик чектөөлөр киргизилди

Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди. Базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишине уруксат берилди. 

"Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору жума күнү кечке чейин иштеп жаткан, ишембиде баары жабылып калды. Мекеме жумушчулары карантин жарыяланганын ишемби күнү таң эрте жумушка чыкканда билишти. Жаңы чектөөлөр февралга чейин сакталат", - деди шаар тургандарынын бири. Борбор калаада театр менен концерттик залдар да жабылды. Түркмөнстандын башка аймактарында да карантиндик чектөөлөр жарыяланганы белгилүү болду.