Өлкөдө бир нече чакан ГЭСтерди куруу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинети атайын программа кабыл алып, аны 2026-жылга чейин ишке ашырууну көздөп жатат. "Сары-Жаз", "Чаткал", "Ала-Бука" ГЭСтеринин иши аягына чыгып, дагы бир нече ири электр станцияларынын агрегаттары жаңыланат.
Союз маалынан бери алгылыктуу оңдоо иштери болбогон Токтогул ГЭСинин төрт чоң агрегаты кезеги менен жаңыртылат. Ошондой эле Үч-Коргон жана Камбар-Ата 2 ГЭСтеринин электр кубаттуулуктары күчөтүлүп, кошумча жабдуулар орнотулат. Бул жакынкы төрт жылда ишке аша турган улуттук программанын алачкы баскычтары. Учурда өлкөнүн жалпы энергетикалык мүмкүнчүлүгү 142,5 млрд кВт/саат. Бул КМШда Россия менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орундагы көрсөткүч.
Электр энергиясын ички рынокко толук иштетүүдөн сырткары экспортко чыгарганга да шарттар бар. Андыктан Министрлер Кабинети чоң ГЭСтерден сырткары Сары-Жаз, Ала-Бука, Куланак, Чаткал жана Кара-Буура ГЭСтерин курууну көздөйт. Андан сырткары Нарын дарыясынын жээгине да ири долбоорлор курулуп, энергия алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү планы бары.
Өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү кенен болгону менен анын баары толук колдонулган эмес. Тармактагы серепчилер дарыялар, суулардан сырткары көмүр кендердин жанына жана Балыкчы, Кочкор сыяктуу шамалдуу аймактарга энергия алуу булактарын көбөйтүүгө болорун айтышат.
Энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен сырткары жеке инвесторлор да тартылган. Азыркы тапта тармакты жакшыртууга кызыккан ишкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мурда мындай ири долбоорлорду ишке ашырууда түйшүгү көп болсо, азыр 7-8 жылда өзүн-өзү толук актап кирешеге өтүүгө болот.