Жаңылыктар
Кадамжай районунда жазгы талаа иштери жылдагыдан эрте башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районунда жазгы талаа иштери жылдагыдан эрте башталды

Быйыл Баткен облусунун Кадамжай районунда жазгы талаа иштери жылдагыдан эрте башталды. Азыркы күндө ички чарбалык каналдарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Жумуштарга райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан атайын техникалар бөлүнгөн жана айыл эли ашар жолу менен ички арыктарды тазалоодо.

Кадамжай районунда быйыл жазгы талаа иштери эрте башталууда. Анткени жылдагыга салыштырмалуу күн жылуу болду. Мындан улам дыйкан, багбандар жерлерине чилде суусун коюп башташты. Кышында коюлган суунун максаты мөмөлүү бак дарактардагы жана дан эгиндердеги курт кумурскалардан арылтып, түшүмдү да мол беришине мүмкүнчүлүк түзөт дейт элеттиктер.

Райондун жалпы суулуу айдоо жерлеринин аянты 18 миң гектардан ашат. Азыркы учурда каналдарды, арыктарды тазалоо иштери да кызуу жүрүүдө. Райондук суу чарба башкармалыгы жалпысынан район боюнча 19 миңден ашуун жерди сугат суу менен камсыз кылат. Быйыл күн жылуу болгондуктан дыйкандар жерлерин айдап, сууларын койгучакты чарбалык каналдарды механикалык тазалоо иштерин бүтүрүү аракетинде. Буга айыл эли да карап турбастан ашар жолу менен жардамдарын берүүдө.

Ошол эле учурда мамлекет тарабынан айыл чарбасына көңүл буруу жакшырып бош жаткан жерлерди өздөштүрүү үчүн да район аймагында ири суу чарба объекттеринин курулушу жүрүүдө. Молдо-Нияз каналынын курулуш иштери бүтсө кадамжай районунда 700 гектарга жакын сугат айдоо жери көбөйөт.

Ал эми район аймагында 3000 гектардан ашуун дан эгиндери бар. Азыркы күндө күздүк кылкандуу дан эгиндери суудан чыгарылып. Ал эми жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүү боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Жазгы талаа жумуштарына карата 13 чакырым каналдарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары 4 насостук станция, 4 скважиналарды оңдоо иштери жүргүзүлүп жалпысынан 21 миллион сомдук жумуштар аткарылат. Эскерте кетсек облуста 36000 гектардан ашуун сугат айдоо жери болсо анын 6000 гектарына күздүк дан эгиндери айдалган.