Жаңылыктар
Министрлер Кабинети "Кумтөр" компаниясынын 2021-жыл үчүн отчётун бекитти
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинети "Кумтөр" компаниясынын 2021-жыл үчүн отчётун бекитти

"Кумтөр" кенине өткөн жылдын 17-майында сырткы башкаруу киргизилген. Ошондо мамлекет былтыркы жылдын тең жарымында алтын кенди өзү иштетти. Ага ылайык узаган жылдын жыйынтыгы төмөндөгүчө:

2021-жылдын 12 айында "Кумтөрдө" 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан. Өткөн жыл үчүн алтынды сатуудан келген жалпы каражат 856 млн долларды түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн доллар түшкөн.