18-январга карата жалпы өлкө боюнча 26 мектеп онлайн окутуу жүргүзүүдө. Алар окуучулардан коронавирус табылганына байланыштуу аралыктан билим берүүгө өтүштү. Убактылуу жабылган мектептердин көпчүлүгү Бишкек шаарында. Билим берүү жайларына атайын иштелип чыккан алгоритм сунушталып, бир катар санитардык талаптар коюлган.