Вирустун "омикрон" штаммы тездик менен жайылып жаткан маалда Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга үйдө болууну сунуштайт. Өзгөчө Бишкек шаарында оору күчөдү. Бүгүн жалпы 820 жаңы учур катталса, анын 600ү борбордун тургундары. Илдет Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында да көбөйө баштады. Ооруну жайылтпоо үчүн анын биринчи белгилери байкалганда эле коомдук жайларга чыкпай турган жакшы.