Жаңылыктар
Казакстанда каза болгондордун саны 227 кишиге жетти
Дүйнө
Казакстанда каза болгондордун саны 227 кишиге жетти

Казакстандагы ооруканаларда январь айындагы башаламандыктан жабыркаган дагы эки киши көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди. 

"Медициналык мекемелерде 177 бейтап кайтыш болду", - деп кошумчалады министр. Мурун Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги башаламандык учурунда медициналык мекемелерде жалпысынан 175 киши өлгөнүн кабарлаган. Башкы прокуратуранын билдиришинче, республикада өлгөндөрдүн жалпы саны 227 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 2739 адам медициналык жардамга кайрылганын билдирди. 

Стационарда 200 киши дарыланууда, 14 бейтаптын абалы оор. Буга чейин Алматы шаарында нааразылык учурунда 149 киши жана укук коргоо органдарынын 11 өкүлү каза болгону айтылган.