Жаңылыктар
Нурсултан Назарбаев өлкө парламентин таркатты
Саясат
Нурсултан Назарбаев өлкө парламентин таркатты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө парламентин таркатты. 4-чакырылыштын ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотууну мажилис депутаттары өздөрү демилгелеген. Муну алар глобалдык көйгөйлөргө байланыштырды. Жаңы шайлоо өткөрүп, дүйнөлүк кризиске жаңы күч менен каршы туруу зарылчылыгы белгиленди. Ал эми Кыргызстанда шайлоо өткөнүнө саналуу айлар узады. Бирок, көйгөйлөрдү жаңы дем менен чечүүгө багыт албай, Жогорку Кеңеште өз ара талаш-тартыштар гана орун алып жатат деген талдоочулар арбын.

2016-жылы жер шаарын түрдүү көйгөйлөр күтүп турганы белгиленип, буга ар бир өлкө даяр турушу керек деген эскертүүлөр дүйнөнүн ар тарабынан жаңырууда. Коопсуздук маселеси менен катар экономикадагы өзгөрүүлөрдүн кедергиси тиет деп бир катар мамлекеттер буга маани берүүдө. Коңшу Казакстандын мажилисинин төртүнчү чакырылышынын мөөнөтү быйыл аяктамак. Бирок, эрте таркатылышына 2016-жылдын оор болоору себеп катары белгиленди. Коңшу өлкө глобалдык системалуу кризиске жаңы шайлоо аркылуу жаңы күч менен жооп кайтарууну көздөп жатат. Ал эми Кыргызстанда жаңы шайлоо өткөнүнө көп узай элек.

Өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жаңы шайлоонун таасири тийиши мүмкүнбү? Укук таануу илимдеринин доктору, саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев коңшу Казакстандын кадамын азыркы абалды эске алганда туура жасалып жатат деп эсептейт. Парламенттин коомдун көйгөйүн чечүүдөгү орду жогору экенин айткан талдоочу, Жогорку Кеңештен азыр көп иштер талап кылынаарын белгилейт. Бирок, кыргыз парламенти азырынча мандат талаш менен гана эсте калып жатканын айтууда.

Эксперттер тарабынан учурда парламент аркылуу чечиле турган көйгөйлөр деп түрдүү маселелер белгиленет. Чийки мыйзамдарды кайра иштеп чыгуудан тартып, конституцияны өзгөртүүгө чейинки олуттуу милдеттер 6-чакырылыштын мойнунда. Кабыл алынган чечимдердин ар бири калктын жашоо-турмушуна таасир этет.

Мандат талаш маселеси, бири-биринин жарандыгы тууралуу тартыштыр, фракциялардын ортосундагы гана эмес, алардын ичиндеги өз ара ажырымдар, булардын баары башкаруу системасын парламенттик деп жарыялаган Кыргызстан үчүн өзгөчө терс көрүнүш экенин айтат коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов. Ал эл өкүлдөрү талаш жараткан жеке кызыкчылыктарга жол бербесе деген пикирди айтат.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарына эл өкүлдөрү аз катышып, маанилүү маселелерди кароо үзгүлтүккө учураган учурлар бар. Буга ачууланган айрым активдүү депутататтар жаңы гана ишин баштаган парламентти таркатуу демилгесин көтөрө калышууда. Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева муну мыйзамчылардын эмоциясы менен байланыштырып, 6-чакырылыш өз ишин жөнгө салып кетүүгө жөндөмдүү деген пикирин айтат.

Депутаттын эл өкүлү деген кошумча аты бекеринен айтылбайт. Ишенимге ээ болуп шайланган мыйзамчылардын ишмердүүлүгү өлкөнүн абалын аныктайт. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште депутаттарды элдин үмүтүн актоого чакырып, талаш-тартыштар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болушу керек экенин белгилеген.

Калыгул Асамбаев