Жаңылыктар
Конституциянын кыргыз тилиндеги текстинен каталарды таап чыгышты
Саясат
Конституциянын кыргыз тилиндеги текстинен  каталарды таап чыгышты

Конституциянын кыргыз тилиндеги текстинен эксперттер көп сандаган каталарды таап чыгышты. Адистер бул каталар баш мыйзамдын расмий тилдеги вариантын кыргызчага которуудан келип чыкканын белгилешет. Негизги мыйзамдын үстүнөн учурда 9 лингвист эксперттерден турган көз карандысыз комиссия иштеп жатат. Туура эмес котормо баш мыйзамды колдонууда кандай зыян бериши мүмкүн? 

Конституциянын тексти кыргызчага көп сандаган каталар менен которулганын активисттер алты жылдан бери эле айтып келишет. Бирок расмий түрдө лингвистикалык экспертиза өткөрүлгөн эмес. Лингвист-эксперт Сыртбай Мусаев мындан 2 жыл мурун 9 кишиден турган көз карандысыз комиссия түзүп, котормодогу каталардын үстүнөн иштей баштаган.

Адистердин айтымында баш мыйзам эң алгач расмий тилде жазылып, авторлор ушул варианты негиз катары алынганын жарыялашкан. Андан улам кыргыз тилине сапаттуу которууга көп көңүл бурулбай, ката дээрлик ар бир беренеден табылат дешет адистер. Маселен Конституциянын 5-бөлүмүнүн 89-беренеси.