Жаңылыктар
БШК: Кайра шайлоого катышуу үчүн 41 талапкерден билдирме түштү
Шайлоо 2023
БШК: Кайра шайлоого катышуу үчүн 41 талапкерден билдирме түштү

БШКга 27-февралда өтүүчү Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 41 талапкерден билдирме түштү. 

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 27-январда саат 18:00дө аяктайт. 

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.