Жаңылыктар
Атамбаев Үңкүр-Тоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү
Саясат
Атамбаев Үңкүр-Тоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоо жана чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган жыйында өлкө башчы чек арага жакын жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо талабын койду.

Жыйынга президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башкалар катышып, президентке Үңкүр-Тоодогу абал боюнча маалымат беришти.

Өз кезегинде Атамбаев күч түзүмдөрү чек арадагы маселелерди убагында чечүүсү керектигин айтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо талабын койду. Эске сала кетсек, Аксыдагы Үңкүр-Тоого өзбек милициялары келип, бүгүнкү күнгө чейин кете элек. Ал эми буга чейин кармап кеткен төрт кыргыз жарандары кечээ түнү бошотулган.