Жаңылыктар
Бишкек ШИИББи 2022-жылга карата жаңы милдеттер жана максаттарын белгиледи
УТРК жаңылыктары
Бишкек ШИИББи 2022-жылга карата жаңы милдеттер жана максаттарын белгиледи

Бишкек ШИИББинде 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2022-жылга карата жаңы милдеттер жана максаттар белгиленди. Ички иштер министри Улан Ниязбековдин айтымында, ички иштер органдарынын функцияларына жыл сайын жаңы милдеттер кошулуп жатат. 

Анын ичинде элге кызмат көрсөтүү, коомчулуктун турмуш-тиричилигине терс тасирин тийгизген кылмыштарга каршы күрөшүү, жарандардын үй-бүлөлүк, социалдык абалына кесепетин тийгизген жат көрүнүштөрдү алдын алуу милдеттери аткарылууда. Заманбап функциялар ишке киргизилген мезгилде Бишкек шаарынан башталып, андан ары белгиленген тартип менен жер-жердеги ички иштер органдарында улантылууда. 

Жаңы жылдын алдында жаңы форма, жаңы технологиялык каражаттар менен жабдылган “Участкалык инспекторлор”, “Туристтик-экологиялык милиция” кызматтары Бишкек шаарында биринчи жолу ишке киргизилди. Андан тышкары, шаардын аймагында заманбап шарттары бар алты “Милициянын аймактык пункттары” курулуп, имараттар оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлдү жана башка дагы бир катар жакшы иштер аткарылды.