Жаңылыктар
Сокулук райондук Социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулук райондук Социалдык  фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Сокулук райондук Социалдык фонддун башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, - деп билдирди УКМК. 

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Ага Сокулук районунун тургуну акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. 

Кызаткер буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.